Илон Маскты Нобель тынчтык сыйлыгына экинчи жыл катары менен көрсөтүштү

Автор

Норвегиянын Нобель институту Tesla жана SpaceX компанияларынын жетекчиси Илон Маскты Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер катары көрсөтүү боюнча сунушту кабыл алды. Анын талапкерлигин Европа парламентиндеги депутат Бранко Гримс «сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн» сунуштаган.
«Анын талапкерлиги сөз эркиндиги боюнча фундаменталдык адам укугун туруктуу колдогону жана тынчтыкка салым кошкону үчүн көрсөтүлдү»,-деп билдирди Бранко Гримс өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасында. Ал институттан келген расмий катты да тиркеп, анда Маскты көрсөтүү сунушу кабыл алынганы жазылган.
Бул Илон Масктын экинчи жолу Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтүлүшү. Биринчи жолу 2024-жылы норвегиялык депутат Мариус Нильсен анын талапкерлигин «диалогду, сөз эркиндигин жана өз оюн эркин билдирүү мүмкүнчүлүгүн коргогону үчүн» сунуштаган. Илон Маск бир нече жолу сөз эркиндигин колдой турганын жана цензурага каршы турарын билдирген. 2022-жылы ал Твиттерди (азыркы X) 44 миллиард долларга сатып алып, платформанын саясатын өзгөртүп, аны эркин жана ачык кылууну пландап жатканын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоңкулдактар жөнүндө кызыктуу фактылар

Чарчабаган тоңкулдактар кээде бир нече саат боюу дарактарды каккылап, тамак алышат. Бул жүрүм-турум адамдарда көптөн бери суроолорду жаратып келет . Бул канаттуу башын балка катары кантип колдонот? Бирок илимпоздор тоңкулдактардын физиологиясын эчак эле аныктап, табият аларды тамак-аш табуунун уникалдуу ыкмасына эң сонун ыңгайлаштырганын аныкташкан. Тоңкулдактар жөнүндө кызыктуу фактылар 1. Жер […]

You May Like