Илон Масктын америкалык шайлоочуларга акча берип жатканы мыйзамдуубу?

Автор

Миллиардер Илон Маск, 5-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо Дональд Трампты активдүү колдоп, «талаштуу» штаттардагы катталган шайлоочуларга сөз эркиндигин колдогон анын петициясына кол коюу үчүн акча төлөөнү чечти. Бул демилге юридикалык эксперттерде суроолорду жаратууда. Бирок бирдиктүү жооп жок. Бул мыйзамдуубу же мыйзамсызбы? Маск мыйзамдагы боштуктарды колдонуп жатабы дегенге так жооп бериле элек. Кээ бир адистер мындай аракеттер АКШнын мыйзамдарына каршы келиши мүмкүн экенин божомолдошууда. Анткени алар катталган шайлоочуларга акча сунуштоого тыюу салат. АКШда шайлоодо добуш берүү үчүн алдын ала каттоодон өтүү керек. Камала Харрис менен Дональд Трамптын тарапташтары өз тарапкерлерин каттоодон өтүп, шайлоого келүүгө үндөп жатышат.
Трампты колдогон Масктын шайлоо алдындагы долбоорунда беш «талаш» штатта — Джорджия, Невада, Аризона, Мичиган, Висконсин жана Түндүк Каролинада петицияга кол коюп, бир таанышын шайлоочулар тизмесине каттоого көндүргөн адамга 47 доллар төлөнөт. Пенсильвания штатында көбүрөөк төлөнөт. Анда петицияга кол койгондорго же «дос алып келгендерге» 100 доллар берилет. Эки тарап тең Пенсильваниядагы шайлоонун жыйынтыгы жалпы жыйынтыкка чечүүчү болушу мүмкүн деп эсептешет.
5-ноябрдагы шайлоо күнүнө чейин, бардык жетиге жакын штатта кол койгондор арасында күн сайын миллион доллар утуш ойнотулуп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыев сунушталды

Судьялар кеңешинин жыйынында Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги каралды. Бул тууралуу Судьялар кеңешинин басма сөз кызматы билдирди. Судьялар кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан Медербек Сатыевдин талапкерлигин колдошту. «Конституциянын 70-беренесине ылайык, Президент Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана […]

Сизге жагышы мүмкүн