Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кармалды

Автор

Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактарга билдирди.
Анын айтымында, ал буга чейин атайын кызматтын ишмердүүлүгүнө макул эместигин ачык айтып, бир катар иштер боюнча экспертизага катышуудан баш тарткан.
«Адвокат Жоомарт КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүндө «Массалык баш аламандыкка чакыруу» боюнча кылмыш ишин жасаган деп шектелип жатканын билдирди. Адвокат бул кылмышка шек келтирүүгө эч кандай негиз жок деп эсептейт жана иш токтотулат деп үмүттөнөт», — деп жазган Гүлшайыр Абдирасулова.
Үстүбүздөгү жылдын май айында массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен беш жылга эркинен ажыратылган публицист Олжабай Шакирдин иши боюнча буга чейин КР Улуттук илимдер академиясынын мурдагы илимий кызматкери Жоомарт Карабаев көрсөтмө берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти

Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти.Бул тууралуу Федерациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ордуна Айбек Абылкасымовдун талапкерлиги сунушталды. Федерациянын уставына ылайык, биринчи вице-президент Нурлан Максүтов 17-июлга чейин Көк бөрү федерациясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп турат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн