Келерки жылдын 1-январынан тарта Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы 70-100 пайызга көтөрүлөт. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы кабарлады
Мамлекет башчы реконструкцияланган академиянын ачылышында кызматкерлердин айлыгы жогорулай турганын убадалаган.
Буга чейин ЖК депутаты Илимдер академиясынын жаш кызматкерлери орточо 9 миң сом айлык аларын айткан эле.
Шей Дек 24 , 2024
АКШ Африка континентинде аскердик-биологиялык катышуусун тез арада күчөтүп жатат деп билдирди Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин башчысынын орун басары Алексей Ртищев. Ал африкалык өлкөлөрдү америкалык бийликтер менен кызматташуудан этият болууга чакырды. «Биздин африкалык өнөктөштөрүбүздү АКШ менен аскердик-биологиялык тармакта кызматташпоого чакыргым келет»,-деди ал брифинг учурунда. Орус бийлиги […]