Исламдын түркүгү илим деп айтылат. Адамзат жашоосун ыңгайлаштырган илимдин пайдубалы мындан 1400 жыл мурда түптөлгөн. Биздин коомдо илимдин алгачкы ачылышын жасаган мусулман илимпоздор тууралуу маалымат өтө аз. Алардын айрымдарын интернет айдыңынан терип, сиздерге сунуштайбыз.
1. Ибни-Сина
Теңдешсиз табып, чоң илимпоз, медицина тармагына эмгеги сиңген ойлоп табуучу Ибн Сина эң алгачкылардан болуп сарык, минингит, бөйрөк ооруларынын себебин аныктаган. Өзү Перс улутунан болуп, философия жана медицина илими боюнча 200 дөй китеп жазып калтырган.
2. Аббас Ибн Фирнас
Ал алгачкы жолу инженердик жабдууларды жана Конвейер сыяктуу инженердик жабдууларды жасоо аркылуу таанылган. Ошондой эле кылдат илимий техникалык каражаттарды жана күндү, жылдыздарды кароочу аппараттарды ойлоп тапкан. Эң биринчилерден болуп, асманга учуу пикирин ортого салган. Анын түпкү жери Андулуст болгон.
3. Ибн Батута
Адамзаттын алгачкы саякатчычы Ибн Батута Маракконун Танжар шаарында Барбар үй-бүлөдө туулган.
4. Аль-Фараби
Өз мезгилинин көрүнүктүү философу, теңдешсиз табыбы катары бааланат. Ал Казакстандын Отрар шаарында туулгандыгы, Түркий улуттарынан болгондугу маалымдалат.
5. Мусулмандарга 6 хадис китебин жазып калтыргандардын бири Аль-Бухарий, Өзбекстандын Бухара шаарында перс үй-бүлөдө туулган.
Имам Муслим Ирандын Нишапур аймагында жарык дүйнөгө келген. Ал эми Абу-Даут Ооганстанда төрөлгөн. Имам Аннасаи Түркмөнстандын Ашхабад шаарына жакын Насаа деп аталган жеринде төрөлүп, эрезеге жеткен. Имам Тирмизий болсо, Өзбекстандын Термиз шаарында жарык дүйнөгө келген. Имам Ибн Маажа Ирандын Казвин шаарында чоңоюп. өскөн.
6. Араб тили жана грамматикасынын атактуу окумуштуусу Сибавайки Перс улутунан болот.
7. Абу Бакр Ар Розий табыпчылык илиминин жол баштоочусу болгон.
8. Акса мечитин бошотуп, Кудусту караткан Салахуддин Аюби күрт улутунун уулу.
9. Хорезмдик Махмууд Ибн Мамдууд Сайфуддин Кутуз деген ысым менен таанымал болуп, Монголдорду жеңилүүгө учураткан.
Которгон Руслан Түгөлбаев