Икрам Илмияновду кайрадан жоопко тартуу маселеси козголду

Автор

Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу катары белгилүү болгон Икрамжан Илмияновду жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жалпы жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев билдирди.
“Урматтуу депутаттар, 2020-жылкы революция эмнеден келип чыкты эле? Парламенттик шайлоонун ыпылас өткөндүгүнөн. Анда үч партия негизги ролду ойногон. Алар “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдик” партиялары. Азыркы бийликти ошол партиялардын кээ бир мүчөлөрү тегеренип, дале кошоматчылык кылып жүрүшөт. Икрам Илмияновдун аты аталып кетти. Айтып коёюн, өмүрүндө бир китеп окубаган адам саясий элитаны түптөгөн. Мындан ары башкалары кылмыш кылбашы үчүн ал жазага тартылышы керек. Эмне үчүн тоок уурдаган түрмөдө отурушу керек дагы кыргыз элинин байлыгын жыйнап алып, ал жыргап жашашы керек? Менимче, саясий баа берилиши керек деп ойлойм”,- деди депутат Медер Алиев кесиптеши Акылбек Түмөнбаевге колдоо көрсөтүп.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат Айбек Осмоновдун чындыгы

Кечээ айрым ММКлар депутат Айбек Осмонов боюнча жалган маалымат таратып, аны өлкөдөн чыгып кетти деп жазып чыгышты. Маалым болгондой, депутаттын тарапташтары соцтармактар аркылуу жооп кайтарышып, маалыматты төгүндөштү. Ал эми Маданбек Таалайбек аттуу ФБ колдонуучу “достор, Айбек Осмоновту жакындан тааныган адам катары социалдык түйүндөрдө ар кандай фейктердин жазгандарына бир аз болсо […]

Сизге жагышы мүмкүн