Жүндөн, кебезден жип ийирүүчү аспап. Анын сабы катуу кургатылган талдан жана тобулгудан тандалат. Ал сап төмөн карай ичкертилип, узуну 30—35 см, жоондугу 7—10 мм. болот. Тегерек таштан, коргошундан, оор металлдан же карападан ийик башы көзөлүп, сабынын жогорку учуна кийгизилет. Ийик саптын жогорку учу көзөлүп, ага ичке чий, же катуу жыгач өткөрүлөт. Ал ийиктин «буйласы» деп аталат. Ийрилип ийик баштын алдына тоголок түрүлгөн жип салмактанганда ийик баш алынат да, тоголок жип чыгарылат. Муну «бир баш алмай жип» деп айтат.
Ийик ийрүү
Ийик менен көзгө илээшпей чимирилтип, жүндү ичке-жоон бурап толгоо. Көркөм кол өнөрчүлүктө шырдак шыруу, милте (жээк, ыскыт) чалуу, өрмөк согуу, килем токуу жана түймө түйүү өнөрү жалаң ийрилген жүн аркылуу гана жүзөгө аша алат. Оң-тетири ийрилген жалаңкат жипти кайра каттай ийирсе, мында бирдемелерди жамоо үчүн жип чыйрак түшөт.
Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү