ИИМ эскертет: Чөнтөкчүлөрдөн кантип коргонуу керек?

Автор

Ички иштер министрлиги чөнтөкчүлөрдүн курмандыгы болуп калбаш үчүн жарандарга эскертүү берди.
Ички иштер министрлиги уурулардын колунан жабыр тарткандарды, же болбосо кылмышка күбө болгондорду дароо 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.
«Уурулуктун көбүнчөсү коомдук транспортто, соода жана базар комплекстеринде, эл көп чогулган жерлерде болот. Көпчүлүк учурларда уурулукка – буюмдардын ээлеринин этиятсыздыгы себеп болот. Ошондуктан, Ички иштер министрлиги чөнтөкчүлөрдөн кантип коргонуу керектигин эске салат»,-деп жазылат маалыматта.
Жөнөкөй эрежелерди сактоо менен, чөнтөк уурулукту болтурбоо өзгөчө маанилүү, анткени кылмышты алдын алуу кыйла жеңилирээк:
— эл көп топтолгон транспортто, дүкөндөрдө же башка коомдук жайларда буюмдарыӊыздарга өзгөчө көңүл бөлүп, сак болуӊуздар;
— капчыктарыӊыздар кийимиӊиздерден ачык көрүнбөсүнө көңүл буруңуз, анткени бул жагдай чөнтөк уурулардын көңүлүн өзүнө бурарын эсиӊиздерден чыгарбаӊыздар;
— уюлдук телефонду бейтааныш, же болбосо чочун адамдарга бербеңиз;
— коомдук транспорттордо, же болбосо эл көп топтолгон башка жайларда уюлдук телефонду курга илүүнүн, же аны атайын жипке байлап, мойнуңуздарга байлап коюнун кажети жок. Кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салып коюӊуздар.
— көңүл ачуучу жайларда уюлдук телефонду столдун үстүндө, отургучта жана кийим чечинген бөлмөдө кароосуз калтырбаңыз;
— төш чөнтөк капчыктарды колдонуңуз — бул сактоонун эң ишенимдүү ыкмасы, анткени мындай учурларда чөнтөкчүлөр байкатбай уурдай алышпайт;
— сумкаңыздын сыдырмасынын бекитилгендигин текшерип, эл көп жүргөн жерде сумкаңызды бекем кармаңыз;
— эч качан акча каражат салынуучу капчыкты соода арабасына салбаңыз;
— сизге артыныздан, же болбосо капталыӊыздан жакындап турууга аракет кылып жаткан адамдарга ар дайым көңүл буруп туруңуз;
— үйдөн чыгып жаткан мезгилде, капчыгыңызда канча акча каражаты бар экенин эсептеп чыгыңыз.
Максаты жок, ашыкча акча каражатын алып жүрбөӊүз;
— капчыктын ичиндеги акча каражатын элдин көзүнчө эсептебеңиз.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Олимпиаданын чыгымы 3-5 млрд евро болушу мүмкүн

Франциянын Эсеп палатасынын төрагасы Пьер Московичи Олимпиада оюндарын өткөрүү өлкөгө канчага чыгаарын айтты. «Биз азырынча Олимпиада оюндарын өткөрүүнүн так наркын биле элекпиз. Оюндардан кийин Эсеп палатасы өздөрү аудит жүргүзөт. Олимпиада үч миллиарддан беш миллиард еврого чейин болушу керек. Бул сумма биздин мамлекеттик карызыбызга чоң таасирин тийгизет деп ойлобойм, – деди […]

Сизге жагышы мүмкүн