ИИМ: Орус тилин билбегендер жарандык ала албайт

Автор

Соңку үч жылдын ичинде Россиянын ИИМ органдары 14 миң чет өлкөлүк жаранга жарандык алууга же миграциялык статуска арызын алуудан баш тартты. Себеби алар орус тилин билбей туруп тиешелүү сертификатка ээ болушкан. Россиянын ИИМдин расмий өкүлү Ирина Волк билдиргендей, мындай жарандар аталган өлкөнүн жарандыгын ала алышпайт.
Буга байланыштуу ИИМ жасалма экзамендерди өткөрүүгө адистешкен топтордун жана өз алдынча иш алып барган адамдардын мыйзамсыз иштерин аныктоо жана токтотуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
Россияга келген чет өлкөлүктөр миграциялык статус же жарандык алуу үчүн орус тили боюнча экзамен, мыйзамдардын негиздери жана өлкөнүн тарыхы боюнча сынактарды тапшырууга тийиш.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл "Алтын топту" сыйлыгын ким алат?

Дүйнөгө белгилүү спорттук басылма 2023/24-сезондун “Алтын топтун” ээсин атады. Бул сырды испаниялык Marca гезити ачты. Маалыматка ылайык, олуттуу сыйлыктын ээси Бразилия курама командасынын жана «Реал Мадриддин» чабуулчусу 24 жаштагы Винисиус Жуниор алмакчы. Ал эми “Алтын топту” тапшыруу аземи 28-октябрда Парижде өтөт. Бул окуянын урматына Nike компаниясы ага атайын алтын бут […]

Сизге жагышы мүмкүн