ИИМдин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Автор

Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР Аскер прокуратурасына А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ИИМнин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери К.М., С.У. жана Т.А. менен биргеликте анын “BMW X7” унаасын белгисиз адамдар ээлик кылып алгандыгына чара көрүү жана автоунаасын кайтарып берүү үчүн опузалап 20 миң АКШ долларын пара талап кылып жатканын билдирген.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда жүргүзүлгөн ыкчам тергөө аракеттери менен 2024-жылдын 29-февралында Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана Ж.Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМнин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги К.М. жана анын тааныштары — ортомчулар С.У. жана Т.А. опузалап жаткан акчадан 4 миң АКШ долларын пара катары алган жеринен кармалышып, камакка алынышты.
Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Украина жеңилсе Россия менен НАТОнун кагылышуу коркунучу айтылды

АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр боюнча комитетинде эгер Украина утулса, Россия Федерациясы “токтобойт” деген пикирин билдирди. «Ачыгын айтканда, эгер Украина утулуп калса, НАТО Россия менен согушат деп ишенем»,- деди Пентагондун башчысы. Буга байланыштуу ал АКШнын Украинага колдоосу маанилүү экенин белгиледи. “Менимче, эгер биз Украинаны […]

Сизге жагышы мүмкүн