Израил-Хезболла: Ок атышууну токтотуу келишими күчүнө кирди

Автор

Израил менен Ливандын «Хезболла» кыймылынын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:00дө күчүнө кирди. Бул тууралуу «Аль-Джазира» телеканалы билдирди.
Келишимде Ливандын армиясы Түштүк чек арадагы аймактарда этап-этабы менен көзөмөл орноткону жана бул иште Ливандагы Убактылуу Бириккен Улуттар Уюмунун күчтөрү колдоо көрсөтөрү каралган. Израил эки айдын ичинде өз аскерлерин Түштүк Ливандан чыгарып кетет.
АКШ президенти Жо Байден бул келишим Вашингтондун демилгеси менен жетишилгенин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Коргоо министрлиги: Эки жолу ATACMS менен сокку урулду

«Тастыкталган маалыматтар боюнча акыркы үч күндүн ичинде Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусундагы объектилерге батыштан келген алыстан атылуучу курал менен эки жолу сокку урду,-деп айтылат Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө. Чабуулга дуушар болгон жерлерди изилдөө учурунда, Украина Куралдуу күчтөрү америкалык өндүрүштөгү ATACMS оперативдик-тактикалык ракеталары менен сокку урганы такталган. Россиянын Коргоо министрлиги бул […]

Сизге жагышы мүмкүн