Израил «ХАМАС» менен келишимдин алкагында 90 туткунду бошотту

Автор

Израил «ХАМАС» кыймылы менен келишимдин алкагында палестиналык туткундардын биринчи тобунан 90 адамды бошотту.
Бошотулгандардын арасында 70 аял бар. Алардын бири жашы жете элек өспүрүм. Ошондой эле 12 эркек болсо, алардын сегизи жашы жете электер. Бардыгы Израилдин коопсуздугуна каршы жасалган кылмыштар үчүн соттолушкан.
Туткундар алгач «Офер» түрмөсүнө жеткирилип, ал жакта полиция алардын өздүгүн текшерип, дарыгерлер медициналык кароодон өткөрүшкөн.
19-январда палестиналык кыймыл келишимдин негизинде Газадан «ХАМАС» туткунундагы үч аялды бошоткон. Үч туткунду Эл аралык Кызыл Крест уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берген. Бошотулгандарды Газадагы Израил армиясынын атайын бөлүгүнө, кийин ооруканага алып баруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Атышууну токтотуу келишиминин биринчи этабында Израил жалпысынан 2 миңге жакын палестиналык туткунду бошотууну пландап жатат.
Израил менен «ХАМАС» 17-январда АКШ жана Катар тараптарынын ортомчулугу менен келишимге кол коюшкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл Кыргызстанда кайсы жолдор оңдолору айтылды

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликтин 2025-жылга карата иш пландары менен бөлүштү. Бул тууралуу ал Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл жазында башталат. Андан тышкары, быйылкы жылга жол оңдоо багытында пландалган иштер төмөнкүлөр: Бишкек – Ош жолунун Суусамыр (100 км) тилкесин оңдоо; […]

You May Like