Израил ХАМАС лидери Синварды жок кылганын билдирди

Автор

Израилдин Коргоо армиясы ХАМАСтын палестиналык кыймылынын лидери Яхья Синвардын Газа секторунда жок кылынганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Синвардын денеси бейшемби күнү табылып, анын өздүгү ДНК тестинен кийин тастыкталган.
Синвар 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулунун негизги уюштуруучусу жана идеологу катары эсептелет. 2017-жылдан бери ал ХАМАСтын Газа секторундагы бөлүмүн жетектеген. 2024-жылдын август айынан баштап, ал ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы болгон. Аны Исмаил Ханийя Тегеранда өлтүрүлгөндөн кийин бул кызматка шайлашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров Орусияга иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 19-21-октябрь күндөрү Россия Федерациясынын Москва шаарына расмий сапар менен барат. Расмий сапардын жүрүшүндө минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат. Ошондой эле минкаб төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил […]

Сизге жагышы мүмкүн