Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосунда Дохада кол коюлган туткундарды бошотуу жана Газа секторунда ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун биринчи этабында 33 израилдик туткунду 2000 палестиналык камактагы адамдарга алмаштыруу каралган.
Макулдашуунун биринчи этабы 42 күнгө созулат. Ал эми ишке ашыруу келишимге кол коюлгандан кийин эки-үч күндүн ичинде башталат. Биринчи кезекте 33 туткун же аялдар жана балдар, андан кийин аял-аскерлер, 50 жаштан жогору эркектер бошотулат.
Израил мунун ордуна өз түрмөлөрүндө кармалып турган 2000 палестиналыкты бошотот. Туткундардын арасында өмүр бою эркинен ажыратылган 250гө жакын адам бар.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси 16-январда Дохада Израил, ХАМАС кыймылы, АКШ жана Катар тарабынан туткундарды бошотуу жана Газа секторунда ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюлганын тастыктаган. Келишимди бекитүү үчүн коопсуздук министрлеринин кабинети чакырылат. Андан кийин толук курамдагы өкмөт жыйыны өткөрүлөт. Добуш берүү 18-январда өтөөрү күтүлүүдө.