Израил «Хамаска» ок атууну токтотуу долбоорун тапшырды

Автор

Израил «Хамас» кыймылына бир катар израилдик туткундарды бошотууну жана Газа секторунда ок атууну токтотууну караган келишимдин жаңыланган долбоорун тапшырды. Бул тууралуу Axios басылмасы эки израилдик аткаминерге шилтеме берип жазып чыкты. Бул сунуш боюнча палестиналык кыймылдын позициясы азырынча белгисиз.
Жаңы сунушу 2-декабрда өлкө премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун бир катар негизги министрлердин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусунда макулдашылган. Демилге 42 күндөн 60 күнгө чейин ок атууну токтотууну, курагы канча экенине карабастан бардык аялдарды, 50 жаштан ашкан эркектерди жана оор абалдагы туткундарды бошотууну карайт. Документтин долбоору Египеттин чалгын кызматынын өкүлдөрүнө жөнөтүлгөн. Алар 3-декабрда «Хамас» өкүлдөрүнө өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Бала бакча тарбиячыларынын айлыгы көтөрүлөт

Кыргызстанда 2025-жылы бала бакчалардын тарбиячыларынын айлыгын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, 2025-жылдын бюджеттик планы каралып жатканда бул маселе Финансы министрлиги менен биргеликте киргизилди. “Буйруса кийинки жылы бала бакчалардын тарбиячыларынын айлыгы көтөрүлөт”, – деди ал. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн