Израил сокку урган аэропортто ДССУнун башчысы болгон

Автор

Израилдин армиясы Йемендин борбору Сана шаарындагы аэропортко сокку урганын билдирди. Ошол учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус учакка түшүүгө даярданып жаткан. Учактын экипаж мүчөлөрүнүн бири жаракат алды.
ЦАХАЛдын маалыматына ылайык, соккулар хуситтердин объектилерине багытталган. Алар аэропорт аскердик максатта колдонулганын билдиришти.
ДССУнун башчысы Тедрос Гебрейесус X социалдык тармагында аэропорт бомбалоого дуушар болгон учурда анын командасы учакка түшкөнү жатканын жазды. «Биздин учактын экипаж мүчөлөрүнүн бири жаракат алды. Абадан көзөмөлдөө мунарасы, учуп кетүү залы биз турган жерден бир нече метр алыстыкта»,-деп жазды Гебрейесус. БУУнун делегациясы жабыркаган эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Ысык-Көлдөгү машыгуусун жыйынтыктады

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Ысык-Көлдөгү машыгуусун жыйынтыктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жаштар курамасы Ысык-Көлдөгү окуу-машыгуу жыйынын кураманын башкы машыктыруучусу Сергий Пучковдун жетекчилиги алдында өткөрдү. Курама эми борбор калаанын “Мурас Юнайтед” базасында машыгууларын улантып, январдын башында бир айлык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүү үчүн Испанияга сапар алат. […]

Сизге жагышы мүмкүн