Израилдин коргонуу күчтөрү аскердик операция башталгандан бери Газа тилкесинен качкан бир жарым миллионго жакын адам баш калкалаган Рафах шаарына абадан катуу сокку урууда.
ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттыкты сактоо министрлиги 67 киши курман болгонун билдирди. Шаардагы күбөлөрдүн түн ичинде Рафахтын түндүгүндө жана борборунда болгон аба соккулары тууралуу айтымында кол салууга тик учактар менен катерлер тартылган.
Чек арадагы Рафах шаарында аскерий операция болсо Египет Израиль менен Кэмп-Дэвид тынчтык келишимин бузарын 11-февралда Египеттин бийликтери билдирген.
Рафахта гуманитардык жардам жеткирилип, адамдар эвакуациялануучу жалгыз өткөрүү пункту бар. Анын үстүнө палестин-израиль жаңжалынан бери Рафахтын жашоочуларынын саны 300 миңден 1,4 миллионго чейин өскөн.
Кэмп-Дэвид келишими 1970-жылдардын аягында Израил менен Египеттин ортосунда АКШ президенти Жимми Картердин ортомчулугу менен түзүлгөн. Алар өлкөлөр ортосундагы аскердик тирешүүгө чекит коюшкан. Ошондой эле палестиналыктардын кээ бир укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылышкан. Атап айтканда, Газа тилкесинин тургундарына өздөрүнүн аскердик түзүлүштөрүн, анын ичинде ХАМАСты түзүүгө уруксат берилген.