Рафахтагы качкындар лагерин Израил армиясы бомбалады. Окуяда 35 адам набыт болгонун Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Курман болгондордун көбү аялдар жана балдар. Жаракат алгандардын саны тактала элек.
Израиль армиясы кол салуу болгонун ырастап, бир нече жайкын тургун набыт болгонун билдирди. Комплекске чабуул ХАМАСтын согушкерлерин жок кылуу максатында жасалганын түшүндүрүштү.