Израил Рамазанда Газадагы согушту токтотууга даяр

Автор

Барымтадагыларды бошотуу боюнча келишим түзүлсө, Израил Рамазан айында Газа тилкесиндеги согушту токтотууга даяр. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден билдирди.
Тыныгуу учурунда калган барымтадагыларды жана Израил кармаган кошумча палестиналык туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылат.
10-мартка туура келген Рамазан айынын башталышы ок атышпоо келишиминин расмий эмес мөөнөтү деп эсептелет. Бул ай дүйнө жүзүндөгү жүз миллиондогон мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин орозо кармашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Столтенберг: НАТО Украинага аскер киргизбейт

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Associated Press (AP) агенттигине берген маегинде Түндүк Атлантика альянсы өз аскерлерин Украинага жөнөтпөй турганын билдирди. Аскердик-саясий уюмдун жетекчиси уюмга кирген мамлекеттердин эки улуттук лидеринин кагылыш болгон аймакка согуштук аскерлерди жөнөтүү жөнүндөгү билдирүүлөрүн жокко чыгарууга аракет кылды. Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо […]

Сизге жагышы мүмкүн