Израил парламенти (Кнессет) Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам берүү боюнча БУУнун агенттигинин (БАПОР) өлкө аймагында иштөөсүнө тыюу салган эки мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
Бир мыйзам долбоору агенттиктин Газа тилкесинде, Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Чыгыш Иерусалимде ишин токтотот, экинчиси болсо израилдик аткаминерлерге жана мамлекеттик органдарга БАПОР менен байланышууга тыюу салат.
The Times of Israel маалыматы боюнча, мыйзамды колдоп 92 депутат добуш берсе, 10 депутат каршы болду.
БАПОР бул мыйзамга каршы чыгып, БУУнун уставына каршы келерин, ошондой эле Израилдин эл аралык укук боюнча милдеттенмелерин бузганын билдирди. Палестиналыктардын азабын күчөтөрүн, Газадагы абалды оорлоторун белгиледи.