19-апрелге караган түнү Израил Ирандагы объектиге ракеталык чабуул жасаганын ABC News басылмасы кабарлады.
Ирандын Fars агенттигинин маалыматына караганда, Исфахандагы аэропортто жарылуунун үнү угулган.
CNN телеканалы Ирандын батыш тарабындагы аба мейкиндигинде бир нече жүргүнчү ташыган учактар каттамдарын өзгөртө баштаганын билдирген.
Буга чейин Израил Ирандын ракеталык чабуулуна жооп бере турган буталардын тизмесин даярдап жатканы кабарланган.