Өлкөнүн борбордук бөлүгүнө бир нече ракета атылган. Бул тууралуу Times of Israel Израилдин коргонуу күчтөрүнүн билдирүүсүнө таянуу менен жазды.
Тель-Авивде жана өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү бир катар шаарларда сиренанын үнү угулду.
Маалыматтарга караганда, аткылоо Рафахка жакын түштүк аймактарга болгон. Сегиз ракета чек араны кесип өткөн. Бул акыркы төрт айда биринчи жолу аткылоо болгонун жазышууда. Чабуул үчүн жоопкерчиликти ХАМАС тобу өзүнө алды.