Израил Газадан аскерлерин чыгарууга макул болду

Автор

Израил Газа тилкесинен аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болду. Бул тууралуу ХАМАС кыймылы менен түзүлгөн келишимдин алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди. Ошол эле учурда ал келишимдин чоо-жайын ачыкка чыгарган жок.
«Кошмо Штаттар Израилдин Газаны узак мөөнөттүү оккупациялоосун таптакыр кабыл албайт. Келишимде аскерлердин Газадан чыгуу графиги жана жерлери так көрсөтүлгөн. Израил буга макул болду»,-деп айтты Блинкен. АКШнын мамлекеттик катчысы ХАМАС бул сунушту кабыл алууга тийиш экенин айтты.
CNBCнин маалыматына ылайык, Блинкен бул тууралуу Катарда айтты. Ал жерде келишимди түзүү боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр жүрүп, АКШ, Египет жана Катар ортомчу болуп жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын каратэчилери Азия чемпионатына катышат

Кыргыз Республикасынын каратэ боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командаларынын мүчөлөрү Филиппиндин Манила шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышат. Мелдеш 22–25-август күндөрү өтөт. Курама команданы машыктыруучулар Дмитрий Казанов жана Бакыт Дуйшеев жетектейт. Курама команданын тизмеси: Өспүрүмдөр: – 57 кг Нуртилек Бейшембаев; – 61 кг Вера Натальченко; – 63 кг Алинур Камилов; […]

Сизге жагышы мүмкүн