Армиясы балдарга жаңжал аймагында зыян келтирген структура катары дүйнөлүк уюмдун отчетуна киргизилгенден кийин, Израилдин бийлиги БУУнун агенттиктеринин өз аймагында жана Палестинада иштөөсүнө чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
Израил жетекчилиги карап жаткан аракеттердин арасында БУУ кызматкерлеринин визаларын узартуудан баш тартуу, жогорку даражалуу аткаминерлерге бойкот камтылган.
БУУга карата жооп чаралары 9-июнда Израил өкмөтүнүн жыйынында көтөрүлгөн. Кийинки күнү талкуу Улуттук коопсуздук кеңешинде өткөн. Акыркы чечим азырынча кабыл алына элек