Израил БУУнун баш катчысына персона нон грата жарыялады

Автор

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац Бириккен Улуттар Уюумунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттеришти персона нон грата деп жарыялады. Эл аралык уюмдун башчысына өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Израилдин бийлиги мындай чечимди Гутерриштин Ирандын ракеталык чабуулун анык айыптабаганын эске алуу менен кабыл алган.
1-октябрда Иран Израилге ракеталык чабуул жасагандан кийин кечинде Гутерриш Х тармагында Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөшүн айыптап, ок атышууну токтотууга чакырган билдирүү жарыялаган.
1-октябрда Иран Израилге массалык ракеталык чабуул жасады. Ислам революциясынын сакчылар корпусу бул аскердик операцияны Израилдин ХАМАСтын лидери Исмаил Ханийяны, «Хезболланын» лидери Хасан Насралланы жана Ливандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командири Аббас Нильфрушанды өлтүргөнүнө жооп деп атады.
Иран Израилге 181ге чейин баллистикалык ракета учурган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран «чоң ката кетирди жана мунун акыбетин төлөйт» деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

ТИМ кыргызстандыктарды Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине барбай турууну эскертти

КР Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Израилге, Иранга жана Ливанга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлик Жакынкы Чыгыштагы абалды абдан тынчсыздануу менен байкап турат.Чыр-чатакка катышкан бардык тараптарды эл аралык укуктун ченемдерин сактоого, абалды курчута турган аракеттерден карманууга чакырат. Кыргыз Республикасы согуштук иштерди токтотуп, чыр-чатакты жөнгө салуу жана […]

Сизге жагышы мүмкүн