Израил бийлиги: ХАМАС бошотууга убада берген 33 туткундун 25и гана тирүү

Автор

Газа секторунда ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашуунун биринчи этабында палестиналык ХАМАС тобу бошотушу керек болгон 33 туткундун сегизи көз жумган. Бул тууралуу маалыматтарды Израил бийлиги тастыктады.
Өлкө өкмөтүнүн өкүлү Давид Менцердин айтымында, каза болгон туткундардын үй-бүлөлөрүнө бул тууралуу кабар берилди.
Макулдашуунун алкагында ХАМАС каза болгондордун сөөгүн Израилге өткөрүп берет.
Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу 19-январдан тартып күчүнө кирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Эгер Тик-ток жана Инстаграмды жок кылсаңыз, эмнелерге жетишесиз?

Эгер сиз TikTok жана Instagram жок кылсаңыз, бул жерде эмне болушу мүмкүн: 1. Көбүрөөк бош убакыт. Окууга, хоббиге же реалдуу жашоодо баарлашууга көбүрөөк убакыт бар экенин байкайсыз. Социалдык медиа көп убакытты талап кылат. 2. Азыраак стресс жана салыштыруу. Мазмундун үзгүлтүксүз агымы болбосо, сиз өзүңүздү башкалар менен азыраак салыштыра аласыз, бул […]

You May Like