Израил армиясы Ливанда катуу салгылашуу жүрүп жатканын кабарлады

Автор

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Түштүк Ливанда катуу салгылашуулар жүрүп жатканын билдирип, аймактын тургундарын Литани дарыясынын түштүгүндөгү аймактарга барбоого чакырды.
Буга чейин «Хезболла» кыймылы Ливанда Израилдин аскердик операциясы башталгандан бери биринчи жолу Одайсе кыштагынын жанында Израил аскерлери менен кагылышуу болгонун билдирген.
«Ливандын түштүгүндөгү жашоочулар үчүн шашылыш эскертүү. Катуу салгылашуулар жүрүүдө. Коопсуздук үчүн Литани дарыясынын түндүк аймагынан түштүккө транспорт каражаттарын колдонбоону суранабыз»,-деп жазган ЦАХАЛ өкүлү Авихай Эдри Х социалдык тармагында.

Бөлүшүү:
Next Post

Токмокто 25,3 миллион сомдук кинотеатр мамлекетке кайтарылды

Токмок шаарындагы “Восток” кинотеатры мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, кинотеатрды мамлекетке алуу Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзам талаптарынын аткарылышына карата тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында мүмкүн болгон. 3206 м2 жер тилкеси менен кошо алынган объектинин баасы 25 млн 322 миң сомду түзөт. Алсак, 2004-жылы Түз инвестицияларды […]

Сизге жагышы мүмкүн