Израиль-ХАМАС жаңжалы кандай шарттарда бүтөөрү айтылды

Автор

Израилдин БУУдагы туруктуу өкүлү Гилад Эрдан Израиль менен ХАМАС тобунун ортосундагы согуш кандай шарттарда бүтүшү мүмкүн экенин айтты.
Гилад Эрдан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алдында сүйлөп жатып, согушкерлер куралын таштап, барымтадагыларды бошотуп, багынып беришсе гана согуш ок атпастан бүтүшү мүмкүн деди.
“Эмне үчүн Хамасты ушуга чакырбайсыз? Эмне үчүн бул резолюциянын бөлүгү болгон эмес?”-деди ал.
Израилдин туруктуу өкүлү ошондой эле Коопсуздук Кеңешин ХАМАСты террордук уюм деп жарыялоого чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Рамис Жунусалиев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды

Бүгүн, 17-октябрда  Бишкекте Көк бөрү федерациясынын конференциясы өтүп, катышуучулар жетекчисин алмаштырды. Жаңы жетекчиликке буга чейин вице-президент болуп иштеп жаткан Рамис Жунусалиев шайланды.  Анын талапкерлигин жыйындагы 58 делегат бир добуштан колдоду. Ал жалгыз талапкер болду. Ал эми  мурдагы президент  Талас Бегалиев 1,5 жыл кызматта турду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн