Израиль орус бийлигин ХАМАСтын делегациясын кетирүүгө чакырды

Автор

Израиль ХАМАС кыймылынын делегациясын Москвага чакыруусун терроризмди колдоо катары бааларын Израилдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
“Израиль ХАМАСтын жогорку даражалуу өкүлдөрүн Москвага чакырууну терроризмди колдогон жана мыкаачылыгын мыйзамдаштырган кадам катары баалайт”,-деген Израилдин Тышкы иштер министрлиги орус өкмөтүн дароо чыгарууга чакырды.
26-октябрда аталган кыймылдын өкүлдөрү Москвага иш сапары менен учуп кеткени маалымдалган. Россиянын Тышкы иштер министрлиги жолугушууда барымтадагыларды бошотуу, россиялыктарды жана чет элдик жарандарды Газа тилкесинен эвакуациялоо маселеси талкууланганын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Өлүм жөнүндө сөз

Пайгамбарыбыздын “Өлүм менен өзүңөрдү тазалагыла!” деген осуят кеби бар. Кандай улуу сөз! Өлүм менен адамдагы текебердик, ач көздүк, сылаңкороздук, дүйнөкордук, амалпараздык сыяктуу кесепеттерди тазаласа болот экен. Өлүмдү ар дайым эстеп жүрүүнүн пайдасы мына ушунда турбайбы?!   Эгемберди Эрматов, акын “Сыр Сандык” китебинен алынды Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн