Израиль операциянын кийинкиси деңизден, кургактан, абадан болорун билдирди

Автор

Газа тилкесиндеги ХАМАС уюмуна каршы аскердик операциясынын кийинки этабы деңизде, кургакта жана абада болорун Израилдин Коргоо министри Йоав Галант Израилдин деңиз күчтөрүнүн түштүктөгү Ашдод порт шаарындагы базасында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
«Биз кийинки кадамыбызда абада, кургакта жана деңизде көп багыттуу операцияга кылдат даярдануудабыз. Жумушуңарды кылгыла, даярдангыла, силер бизге керек болосуңар»,-деди Галант Ашдоддогу аскерлерге.
Ал Израилдин деңиз күчтөрүнүн Газадагы операциянын мындан аркы жүрүшүндө маанилүү роль ойноорун баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жана Сокулуктагы билим берүүчү жайлар 2 күн онлайн окууга өтөт

Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуу сабактарын онлайн форматта өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкты. Ведомстводон билдиришкендей, буйрукка ылайык, 25-26-октябрда Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан окуу сабактарын онлайн форматта уюштуруу милдеттендирилет. Белгилей кетсек, […]

Сизге жагышы мүмкүн