Израилдин Тышкы иштер министрлиги Россиянын Израилдеги элчиси Анатолий Викторовду ХАМАС уюмунун делегациясынын Москвага жакында болгон сапарына байланыштуу чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
«Тышкы иштер министрлигинин башкы директорунун Евро-Азия иштери боюнча орун басары, элчи Симон Гальперин Израил Москванын ХАМАС террордук уюмуна, ошондой эле Россиянын эл аралык уюмдар боюнча аракеттерине олуттуу карай турганын түшүндүрдү»,-деп айтылат билдирүүдө.
26-октябрда ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү Москвага келишти. Алар орус тарап менен Газа тилкесиндеги барымтадагы чет элдиктерди тез арада бошотуу маселесин талкуулашты.