Израилдин тышкы иштер министри Гутерриш менен жолугушуудан баш тартты

Автор

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш менен Израиль менен Хамастын ортосундагы жаңжалга “тең салмактуу мамиле” жасоо сунуштарынан улам жолукпай турганын билдирди.
«Мен БУУнун башкы катчысы менен жолукпайм.  7-октябрдан кийин тең салмактуу мамилеге орун жок болчу.  ХАМАС жер бетинен жок кылынышы керек»,-деп жазган министр социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин Гутерриш  жаңжалды токтотуу үчүн аракет көрүүгө чакырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте бүгүн дагы троллейбустар токтотулат

Бүгүн, 25-октябрда Бишкек шаарындагы троллейбус каттамдары  убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык,  бүгүн саат 08:00дөн 12:00гө чейин троллейбустар каттамы убактылуу токтотулат.  Мындай чектөө ШКУ, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынына байланыштуу киргизилгендиги айтылат. Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн