Израилдин президенти жардырууларга тиешеси жок экенин айтты

Автор

Израилдин президенти Ицхак Герцог өз өлкөсү Ливанда пейджерлердин, байланыш түзүмдөрүн жардырууга тиешеси жок экенин айтты.
«Мен дароо эле ар кандай операцияга тиешебиз бар экенин четке кагам»,-деди Герцог Sky News’ке берген маегинде. Ал Израиль Ливан менен согушкусу келбей турганын билдирди.
17-сентябрда Ливанда «Хезболланын» мүчөлөрү колдонгон пейджерлер жарылган. Кийинки күнү өлкө боюнча башка электрондук түзүмдөр, ноутбуктар жана рациялар жарылып баштаган. 30дан ашык адам каза болуп, миңдеген адамдар жабыркаган.
Маалымат каражаттары пейджерлерди жардыруу операциясы Израиль тарабынан 15 жыл даярдалганын, 5000 пейджерге жардыруучу зат коюлганын жазган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бюджет 10 млрд долларга көтөрүлөт

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түштүктөгү эл менен болгон жолугушууларынын биринде мамлекеттик казына 10 млрд долларга чейин көтөрүлөөрүн билдирди. “Мамлекет жарандарына толук кам көрөт. Акчабыз бар, Кудайга шүгүр. Доллар менен айтканда, учурда 7 млрд болсо, мындан ары 10 млрддан ашат. Мурдагыдай тоноп алуу, уурдап, чөнтөккө салуу болбойт”,- деди. “Кыргызстан ынтымак менен […]

Сизге жагышы мүмкүн