Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) акыркы айлардагы эң чоң операцияны баштады. Анда Аба күчтөрү Ливандын түштүк жана борбордук бөлүктөрүнө кол салууда. ЦАХАЛдын согуш учактары Бейрут жана өлкөнүн башка калктуу пункттарындагы позицияларды бомбалоодо.
Бейруттун үстүндө жарылуулар угулууда.
Бул учурда «Хезболла» согушкерлеринин лидери Хасан Насралла элге кайрылуу жасады. Анда Ливандагы пейжерлердин жарылышына байланыштуу акыркы окуяларды согуш жарыялоо катары баалады.