Израилдин аба күчтөрү Рафахта 50дөн ашык бутага чабуул жасады

Автор

Израилдин аба күчтөрү Рафах аймагындагы 50дөн ашык бутага чабуул жасады. Бул тууралуу Израилдин Коргоо күчтөрүнүн басма сөз катчысы кабарлады.
“Бул аймактагы кургактык операцияларына даярдык көрүүдө. Күндүз Аба күчтөрү Рафах аймагындагы 50дөн ашуун террордук бутага сокку урду”,-деп кабарланды.
Бул Газа тилкесинде Израил менен ХАМАСтын ортосунда ок атышпоо келишимине жетишүү үчүн арачылардын аракеттеринин фонунда болгону белгиленген.
Дүйшөмбү күнү Израил карапайым калкты Рафах шаарынын бир бөлүгүн эвакуациялоого чакырган. Талдоочулар муну бир миллиондон ашуун адам баш калкалаган шаардагы Хамастын баш калкалоочу жайларына жасалган чабуулга даярдыктын жаңы этабы катары чечмелешет.

Бөлүшүү:
Next Post

Амантур Жумаев Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчу мелдешке 54 кг чейинки салмакта катышты. Жумаев алгач 1/8 финалдык беттеште түркмөнстандын мушкери Мейлис Шадурдыевди 4:1 эсебинде уткан. Чейрек […]

Сизге жагышы мүмкүн