Иван Ярыгин Кубогу: Кыргызстандын балбандары медалсыз калышты

Автор

Красноярск шаарында эркин күрөш боюнча өткөн “Иван Ярыгиндин кубогу” эл аралык турниринде кыргызстандык спортчулар медалсыз калышты. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКлары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, эркектер жана аялдар арасында жалпысынан 20 комплект медаль ойнотулду. Кыргызстандын командасына 14 спортчу кирген, алар жеңүүчүлөрдүн тизмесине кире албай калышты.
Расмий эмес командалык эсепте 17 алтын, 16 күмүш жана 32 коло медалга ээ болгон Орусиядан келген балбандар биринчи орунду ээледи.
Быйылкы мелдешке жалпысынан 384 спортчу катышты. Коноктордун арасында Индиянын, Түндүк Македониянын жана Түркиянын – жалпысынан он жети өлкөнүн өкүлдөрү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызматтан бошотулду

Санариптик өнүктүрүү министри Кутнаева Нурия Асылбековна кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Нурия Кутнаева ээлеген кызмат ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган. Бөлүшүү:

You May Like