Иран Ислам Республикасынын каза болгон Президенти Ибрахим Раиси менен расмий коштошууга Кыргызстан тараптан министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев катышып, президент Садыр Жапаровдун жана минкаб төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан көңүл айтты. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Ирандын каза болгон президенти менен коштошуу зыйнатына көптөгөн мамлекеттердин президенттери жана премьер-министрлери катышууда.