Легендарлуу швециялык чабуулчу Златан Ибрагимович улуттук командасы менен коштошуу беттешин өткөрөт.
8-июнда Швеция менен Сербия жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул оюн Златан Ибрагимовичтин улуттук курамдагы акыркы коштошуу оюну болот.
Жолугушуу Стокгольмдогу “Friends Arena” стадионунда өтөт.
Кошумчалай кетсек, 42 жаштагы футболчу көк-сарылардын тарыхындагы эң мыкты бомбардир. 122 жолугушууда Златан 62 гол киргизген.
Эске салсак, Ибрагимович расмий түрдө өткөн сезондун аягында пенсияга чыккан.