Златан Ибрагимович футболдон кеткенин жарыялады

Автор

Швециялык футболчу Златан Ибрагимович футболдук карьерасын аяктады. Бул тууралуу ал “Милан менен Верона” беттеши (3:1) аяктагандан кийин күйөрмандар менен коштошуу аземинде билдирди.

“Футбол менен коштошууга убакыт келди. Бирок мен сиздер менен коштошпойм, урматтуу күйөрмандар”, – дейт чабуулчу. Ал ошондой эле үй-бүлөсүнө, оюнчуларына, машыктыруучуларына, кызматкерлерине жана менеджерлерине ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Златан профессионалдык карьерасын 1999-жылы баштаган. Миландан тышкары, Мальмё, Аякс, Ювентус, Интер, Барселона, ПСЖ, Манчестер Юнайтед, Лос-Анджелес Гэлакси клубдарында ойногон. Ал Швеция курамасынын курамында 122 беттеш өткөрүп, 62 гол киргизген – бул командалык рекорд болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Колтук эмне үчүн тердейт?

Бул көйгөй катары көптөгөн адамдар, аялдар гана эмес, эркектер үчүн жетиштүү ашыкча тердөө менен чыныгы стресс болуп калат. Ал гана эмес, ишине тоскоолдук кылат. Колтук тердегенде үй шартында колдонула турган рецептер Бир аш кашык сода жытты кетирип гана тим болбой терди дагы жакшы кетирет. Колуктун терин жоготуш үчүн сода менен […]

Сизге жагышы мүмкүн