Златан Ибрагимовичти пенсияга узатышты

Автор

Стокгольмдогу “Friends Arena” стадионунда Швеция курама командасынын оюнчусу Златан Ибрагимовичти пенсияга узатышты
Иш-чара Швеция курама командасынын Сербия менен болгон жолдоштук беттешинен (0:3) кийин өттү. Чабуулчуга ардактуу коридор берилип, улуттук курамада ойногон беттештеринин санына барабар болгон 122 номерлүү футболка берилди.
«Футболчу катары Швециянын формасын кийүү – бул боло турган эң чоң нерсе. Мен аны сыймыктануу жана сүйүү менен кийдим», — деди Ибрагимович.
Эске салсак, 2023-жылдын 5-июнунда Ибрагимович пенсияга чыгаарын жарыялаган. Форвард ошондой эле “Аякс”, “Интер”, “Ювентус”, “Барселона”, “Манчестер Юнайтед”, “Пари Сен-Жермен” жана “Миландагы” оюндары менен белгилүү.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Курман айт күнү эртең менен коомдук транспорттор акысыз болот

Бишкекте 16-июнь, Курман айт күнү эртең менен коомдук транспортто жол кире акысыз болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жол тыгындарын азайтуу максатында жана борбордогу жолдорду жана ага чектеш объектилерди реконструкциялоо иштерин эске алуу менен бардык жарандарга коомдук транспортто бекер жүрүүнү сунушталат. Ошентип, 16-июнда шаар тургундары эртең мененки саат 5:30дан […]

Сизге жагышы мүмкүн