Белгилүү журналист Төлөгөн Сулайманов “экс – спикер Ахматбек Келдибековду Ош облусуна губернатор болуп барабы?” – деген суроосу аркылуу коомчулукка жем таштады. Оштун учурдагы губернатору Зиядин Жамалдинов кызмат ордун оңой эле таштап кетеби же, күрөшөбү?
Интригаларды эске албаганда Зиядин Жамалдинов өз ишин кынтыксыз аткарууда. Андыктан, ээлеген ордун сактап калуусу керек деген пикирлер басымдуулук кылат. Зиядин Жамалдинов 1966-жылы Ноокат районунда туулган. “Ак-Жол” жана “Өнүгүү” партияларынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.