Зеленский  9-майда Европа лидерлерин Киевке чакырат

Зеленский 9-майда Европа лидерлерин Киевке чакырат

Украина президенти Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн 9-май күнү Киевге чакырууну көздөп жатат. Politico басылмасынын маалыматына караганда, бул «дипломатиялык күчтү көрсөтүү» Россияда жыл сайын өткөрүлүүчү Жеңиш Парадына альтернатива болот.
Украина президентинин кеңешчиси Андрей Сибига Евробиримдиктеги кесиптештерине кайрылып, «биримдикти жана чечкиндүүлүктү көрсөтүүгө» чакырган. Мындан тышкары, Зеленский «каалоочулар коалициясынын» өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушуу өткөрүүнү пландоодо. Бул жолугушууда Украинага ок атышууну токтоткондон кийинки коопсуздук кепилдигин аныктоо максаты коюлууда.
Кечээ Евробиримдиктин дипломатия жетекчиси Кая Каллас европалык лидерлерди 9-майдагы Жеңиш Парадына баруудан карманууга чакырды. Ал мындай сапарлар «кайра таасир этерин» белгиледи.

Бөлүшүү: