Зеленский 26-августта массалык чабуул болгонун айтты

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-августта болгон орус аскерлеринин өлкө аймактарына жасаган массалык чабуулуна комментарий берди.
«Азыр өлкө боюнча орустардын чабуулунун кесепеттерин жоюу иштери уланып жатат. Бул эң ири чабуулдардын бири болду. Ар кандай түрдөгү жүздөн ашуун ракета жана «Шахеддер» болду»,-деди Зеленский.
Зеленскийдин билдирүүсүндө каза болгондор жана ондогон жарадарлар бар экени белгиленди.
Россиянын аскерлери 26-августтун таңында Украинанын энергетика объектилерине массалык чабуул жасашты. Украинанын премьер-министри Денис Шмыгалдын айтымында 15 облус жабыркаган.
РФ Коргоо министрлиги Украинанын аскердик-өнөр жай комплекси иштеп жаткан энергетикалык инфраструктура объектилерине «жогорку тактыктагы куралдар менен массалык чабуул жасалды» деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 27-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 10 тыйын болсо, сатуу 85 сом 50 тыйын болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 21 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн