Зеленский: Швейцариядагы саммитте тынчтык формуласынын үч пункту каралат

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Швейцариядагы саммитте үч гана пункт караларын, алардын арасында орус аскерлерин чыгарып кетүү талабы болбой турганын айтты.
“Биз үч пунктту алганбыз. Өзөктүк коопсуздук, азык-түлүк коопсуздугу жана гуманитардык багыт. Алмашуу эле эмес, Россия тарабынан уурдалып, Россияга күч менен алынып келинген балдарды кайтарып алуу да бар. Башкача айтканда, бул үч пункт абдан маанилүү»,-деди ал.
Зеленскийдин айтымында, техникалык жактан бардык мамлекеттердин өкүлдөрү бул пункттардын ар бирин деталдуу түрдө иштеп чыгышат.
«Биз бул үч пунктту деталдуу иштеп чыгып, анан орус өкүлдөрүнө өткөрүп берип, аларды ишке ашырууга кандай даяр экенин көрүшүбүз керек»,-деди президент.
Зеленскийдин айтымында, эгер үчөө иштесе, калганы иштейт.
15-16-июнда Швейцарияда Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча конференция өтөт, ага 160 өлкөнүн делегациялары чакырылган. Саммитке Россия чакырылган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 29-30-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн