Зеленский чабуулду улантууну пландап жатканын билдирди

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдин азыркы жана кийинки жылдарга ачык чабуул планы бар экенин айтты.

Ал Украинанын Куралдуу күчтөрү азыр белгилүү бир кыйынчылыктар бар болгонуна карабастан, 2023 жана 2024-жылдары чабуулун улантарын Рейтер агенттиги уюштурган конференцияда видеобайланышта билдирди.

«Биз быйыл жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылабыз. Бизде план бар, конкреттүү багыттарыбыз бар, биздин максат бар, каякка барабыз, кайсы багытта чабуул жасайбыз»,-деп белгилеген.

Украинанын президенти Украинанын Куралдуу күчтөрү Батыштан күтүлгөндөн азыраак курал алгандыктан ийгиликке жеткен жок деп эсептейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркия Газада ооруган балдарды кабыл алат

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Фахреттин Кожа израилдик кесиптеши менен Газа тилкесиндеги рак менен ооруган балдарды өз өлкөсүнө өткөрүү боюнча макулдашканын белгилүү болду. “Мен Израилдин саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм.  Ал дагы бизди туура көрдү. Оорулууларды Түркияга коопсуз өткөрүү боюнча макулдаштык. Биз ооруган балдарды Түркияга тез арада алып келе […]

Сизге жагышы мүмкүн