Украинанын президенти Владимир Зеленский фронттогу абал “кыйындап баратканын” айтты.
«Ушундай ысык согуштун учурунда фронттогу абал дайыма оор. Өзгөчө Донецк багытында кыйын болуп баратат»,-деди Зеленский кечки кайрылуусунда.
Ал кошумчалагандай, Украина бир нече ай бою маанилүү колдоо пакетин күтүп жатат.
Зеленский ошондой эле бир жумада Украинага 130 шахед, 80ден ашык ракета жана 700гө жакын башкарылуучу бомба чабуул жасаганын айтты. Шахеддердин көбү атып түшүрүлгөн.