Зеленский фронттогу катуу салгылашуулар жүрүп жаткан багытты атады
Украинанын президенти Владимир Зеленский эң катуу салгылашуу Покровский багытында жүрүп жатканын билдирди. 26-майда кайрылуусунда «Бүгүн мен генерал Сырский менен сүйлөштүм. Донецк облусундагы Покровское аймагында кармаш кызуу жүрүп жатат. Харьков облусунда, атап айтканда, Волчанск жана Липцы аймактарында да чабуул токтой элек»,-деди ал.
Зеленский Харьковдо Эпицентр гипермаркетинде куткаруу операциясы улантылып жатканын билдирди. «Имарат толугу менен күйүп кеткен. Учурда 14 адам каза болгону белгилүү”,-деди президент.