Украинанын президенти Владимир Зеленский видеокайрылуусунда учкучсуз учактарды сатып алууга 541 миллион доллардан ашык сарптай турганын билдирди.
“Өкмөт ушул аптада бир нече маанилүү чечимдерди кабыл алды. Айрыкча, дрондордун өндүрүшүн арттыра турган чечим”,-деди Зеленский.
Украин өкмөтү апта башында учкучсуз учактарды чыгарууну жана жеткирүүнү тездетүү боюнча резолюция кабыл алган. Бийлик бул өндүрүүчүлөргө тезирээк өнүгүүгө, масштабын кеңейтүүгө жана чет элдик компаниялар менен жакшы атаандашууга мүмкүнчүлүк берет деп үмүттөнөт.