Украина Россияны экинчи «тынчтык саммитине» чакырарын президенти Владимир Зеленский билдирди.
«Батыштын бардык лидерлери Россия экинчи саммитке катышсын деп каалашкандай, биз аларды чакырабыз. Бирок мен аларга Россиянын кызыкчылыгы жок болгондуктан, аны өткөрүп жиберүүгө болгон аракетин жумшарын айттым»,-деди ал.
Мындан тышкары, Зеленский Крымды күч колдонуу менен кайтарып алуу планынан баш тартканын айтты.
«Учурда бизде Крымды кайтарууга күч жетишсиз. Биз дипломатиялык жолдорду издейбиз»,-деди президент.
Глобалдык Түштүк өлкөлөрү катышкан биринчи тынчтык саммити июнь айында Швейцариянын Бюргеншток шаарында өткөн. Ага Россия чакырылган эмес. Жолугушууда Украинанын «тынчтык формуласынын» бир нече пункту талкууланган.