Зеленский Украина баллистикалык ракета жасаганын айтты

Автор

Зеленский Украина баллистикалык ракета жасаганын айтты
27-августтагы маалымат жыйынында Владимир Зеленский Украина биринчи баллистикалык ракетасын ийгиликтүү сынаганын айтты. Бул Украинанын аскердик-өнөр жай комплексинин жетишкендиги. Ал согуштун жүрүшүнө олуттуу таасир эте алат, бирок украин президенти кандай өнүгүү жөнүндө айтып жатышы мүмкүн?
«Мен бул тууралуу айтууга али эрте деп ойлогом, бирок украиналык биринчи баллистикалык ракетанын сынагы ийгиликтүү болгон. Мен биздин аскердик-өнөр жай комплексибизди ушуну менен куттуктайм»,-деди Зеленский.
Президенттин айтымында, өзүнүн баллистикалык ракетасын түзүү коргонуу-өнөр жай комплексиндеги украин адистеринин жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Июль айында Зеленский украиналык ракеталык программанын “жакшы динамикасы” тууралуу айткан. “Биздин ракеталык программабыз жакшы жылып жатат жана бул татаал маселе болсо да, биз бара-бара өз ракеталарыбызды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жакындап жатабыз”,-деди президент.
Украин армиясында баллистикалык ракеталар бар. Булар 120 км гана уча турган жана өтө чектелген сандагы ракеталар менен эски советтик Точка-У системалары. Украинанын Куралдуу күчтөрүндө 300 чакырымга чейин сокку ура турган америкалык АТАКМС бар. Ак сарай аларды Россиянын аймагында колдонууга тыюу салууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл 114 миң гектар аянтта зыяндуу чегирткелер жок кылынды

Кыргызстанда жыл башынан бери 113,8 миң га аянтта зыяндуу чегирткелер жок кылынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлинен билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик зыяндуу чегирткелер жыл сайын республиканын айыл чарбасына, экономикасына, социалдык жашоосуна потенциалдуу коркунуч туудуруп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуусуна коркунуч жаратып келерин белгилейт. […]

Сизге жагышы мүмкүн